Бүгүн Энелер күнү

Автор

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 20-майга туш келди.
Өлкөдө бул дата президенттин 2012-жылдагы жарлыгынын негизинде майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.
Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 39 миңге жакындады. Анын 117си пенсия алууга укугу жок болгондугуна байланыштуу, социалдык жөлөк пул алышат.
Тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубатчылыктын, сулуулуктун, жылуулуктун символу – Энелердин майрамы менен куттуктайбыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров энелерди майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: Асылзат апалар! Сүйүүктүү энелер! Өлкөбүздө ар жылы жадыраган май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү өзгөчө толкундануу менен белгиленип келет. Себеби бул күн ар бир жарандын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимин козгоо менен дүйнөдө энеден өткөн ыйык […]

Сизге жагышы мүмкүн