Бүгүн эл аралык Эне тил күнү

Автор

Бүгүн, 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөдө белгиленип келет.
Ал эми БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн резолюциясында 2008-жылды «Эл аралык тил жылы», ал эми 2010-жылды болсо, «Эл аралык маданиятты таанытуу жылы» деп жарыяланган.
ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 миңге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Дүйнө жүзүндө 2 миңден – 4 миңге чейин улут жана 3 миңден – 6 миңге чейин тил бар экендиги айтылып келет. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуш боюнча кооптонуусун билдирди

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышы мүмкүн деген кооптонуу негизсиз эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал улуттук коопсуздук системасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилигинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, аскердик күч кайрадан дүйнөлүк маселелерди чечүүдөгү негизги аргументине айланды. «Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарда миллиондогон жоготуулар жана үрөй учурган окуялар болбогондой. Азыр […]

Сизге жагышы мүмкүн