Бүгүн Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  өтөт

Автор

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы  бүгүн, 14-июлда парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйыны учурунда  өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган.

Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган. 2022-жылы июнда ал Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алууну демилгелеген.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум быйыл 30-апрелде өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анда шайлоочулардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдосо, 9,35% каршы добуш берген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 14 -июлга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.8  сомдон  болсо, сатуу  88.2  сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.87 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн