Бүгүн футзалчылар Вьетнам курамасы менен беттешет

Автор

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүп жаткан Азия кубогунда 5-орун үчүн оюн өткөрөт. Жеңүүчү аталган команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.
Бул турнирде чейрек финалда утулуп калган Кыргызстан, Ооганстан, Ирак жана Вьетнамдын командалары беттешет.
Кыргызстан курама командасы чейрек финалда Өзбекстанга утулуп калган Вьетнамдын курама командасы менен ойнойт. Кыргызстандык команда чейрек финалда Иранга 1:6 эсебинде утулуп калган.
5-орун үчүн турнирдин жарым финалдык баскычынын беттештери 26-апрелде өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Орозо айында 57 млн сомдон ашык битир-садага чогулду

Кыргызстанда быйыл Орозо айында 57 млн 467 миң 895 сом битир-садага (садака) чогулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жумановдун айтымында, анын 60%ы жергиликтүү мечиттерге, 30%ы райондук хатибияттарга жана облустук казыяттарга, 10%ы муфтияттын эсебине түшкөн. Белгиленгендей, каражат жардам сурап кайрылгандарга, ошондой эле жетим-жесирлерге бөлүштүрүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн