НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг 4-апрелдеги жыйында Финляндия расмий түрдө НАТОнун 31-мүчөсү болоорун айтты. Финляндиянын мүчөлүгү тууралуу Түркиянын Улуу жыйынында добуш берүүдөн өткөндөн кийин башкы катчы билдирүү жасады.
“Финляндиянын мүчө болушу менен НАТО коргонуу блогу мындан да күчтөнөт. Бүгүн Финляндия байрагын алгачкы жолу асманга көтөрөбүз. Бул бизди сыймыктандырат”, -деди башкы катчы.