Бүгүн, 12-декабрь Улуттук адабият күнү. Кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан Улуттук адабият күнү 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 12-декабрь – Адабият күнү деп белгиленген.
Урматтуу адабияттагы бардык калемдештерди Сиздерди 12-декабрь — Адабият күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана чыгармачылык албан ийгиликтерди каалайбыз!