Бүгүн Түркияда Ататүрктү эскерүү күнү

Автор

Бүгүн, 10-ноябрда Түркия Республикасынын негиздѳѳчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнѳдѳн кайткан күнү.

Ошондон бери жыл сайын 10-ноябрда саат 9:50дө (өлгөнүнүн так убактысы) бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып келет. Автоунаалар, автобустар, поезддер, кемелер бир саамга токтоп, ал тургай учактар да учуп кетүүсүн кийинкиге калтырышат.

Ататүрктүн тарыхый ролу бир гана ал кыйраган империянын элин бириктиргенинде эмес, эң кыска мөөнөттө башкаруунун көптөгөн тармактарында масштабдуу реформаларды жүргүзгөн, борбор шаарды Стамбулдан Анкарага көчүргөн , аялдардын укуктарын эркектер менен теңдештирип, аларга добуш берүү укугун берүү менен бирге, согуштун жана өлкөдөгү эң терең саясий кризистин шарттарында Түркиянын ушунчалык тең салмактуу системасы бар мамлекетти кура алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ар дем алыш сайын айыл чарба жарманкеси өтөт. Даректери

Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн