Бүгүн Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна барат

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы “Акылман” президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт.
Жумуш сапарынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине да катышат, “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу борборго барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык - 2024. Оштон зыяратчылар 31-майдан тарта уча баштайт

“Ош” эл аралык аэропорту зыяратчыларды ажылык сапарга узатууга даярданууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билдирет. Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык” ААКтын “Ош” филиалынын директору Тимурлан Маданбеков Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту. Жолугушуунун алкагында 2024-жылкы зыяратчыларжы ажылык сапарга “Ош” эл аралык аэропорту аркылуу учуу-каттамдары талкууланды. […]

Сизге жагышы мүмкүн