Бүгүн Садыр Жапаров Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитине катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань)БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 23 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 38 тыйын болсо, сатуу 85 сом 80 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн