Бүгүн Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барат

Автор

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына (АКШ) барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.
«22-сентябрда мамлекет башчы Келечек саммитинин ишине катышат. Анын алкагында «Келечек пактынын» жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сүйлөйт”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар азайды

Кыргызстанда кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, вирустун жайылуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш эки районунда байкалууда, бул жерде вирустун жайылышы стационардык очоктор тарабынан коштолууда. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур […]

Сизге жагышы мүмкүн