Бүгүн Парижде ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндары ачылат

Автор

Бүгүн, 26-июлда Парижде ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Биринчи жолу Олимпиаданын ачылышы өзгөчөлөнүү менен кургакта эмес, суу үстүндө болот. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. Салттуу параддын катышуучу-спортчулары дарыя аркылуу 180 кеме жана катер менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Эйфель мунарасынын жанындагы Йенск көпүрөсүнө чейин сүзүп өтүшөт. Салтанатты жээктен 500 миңдей адам көрүп турат.
Салтанат учурунда Парижде 45 миңдей полиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактайт. Аларга 18 миңден ашык аскер кызматкерлери көмөктөшөт.
26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарына 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу кыл чайнашкан беттештерге катышып, өлкөсүнүн намысын коргоо үчүн күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 300дөн ашык медалдардын топтому ойнотулат.
Кыргызстандын атынан Олимпиадага аттанган 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды

Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылыш аземи адаттагыдан тышкары стадиондо эмес, Сена дарыясы аркылуу чыгыштан батышты көздөй параддан кеме жана кайыктар менен 10 миң 500 спортчу сүзүп өтүштү. Салтка айлангандай катышуучулардын жүрүшүн Греция баштап берди. Спортчулар менен Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас […]

Сизге жагышы мүмкүн