Бүгүн Парижде Паралимпиада башталат

Автор

Бүгүн, 28-августта Парижде баштала турган Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча катышат.
Паралимпиада оюндарына көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева, Айтунук Жоомарт кызы паратриатлон боюнча күч сынашат. Ал эми Маматибраим Суранов дзюдочу жана 86 килограммга чейинки салмак категориясында парапауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева катышат.
2024-жылы XVII Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Парижде өтөт. Мелдеш мурда быйылкы жайкы Олимпиада оюндары үчүн колдонулган жайларда өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 28-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 10 тыйын болсо, сатуу 85 сом 60 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 10 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн