Бүгүн Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталат

Автор

Бүгүн, 18-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 18-22-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган.
Программасы:
18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, Москвадагы “Поклонка” кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт;
19-октябрь — Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, “Кылымдар мурасы” көргөзмөсү болот;
20-октябрь — гала-концерт, мекендештер менен жолугушуу, “Саадат какты” спектакли көрсөтүлөт;
22-октябрь — Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерт уюштурулат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Хезболла Израил менен тирешүүнүн жаңы этабын жарыялады

Ливандык “Хезболла” кыймылы Израил менен согушта жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялады. “Каршылык көрсөтүүчү операциялар штабы Израил менен каршылашууда жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялайт. Алдыдагы аракеттер аны айкын көрсөтөт”,-деп жазылган кыймылдын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө. “Хезболланын” басма сөз кызматы душмандын жоготуулары тууралуу маалымдады. Алардын айтымында, Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) болжол менен 55 кишиден […]

Сизге жагышы мүмкүн