Бүгүн Нарында биринчи жолу эт фестивалы өтөт

Автор

Бүгүн, 7-сентябрда Нарында биринчи жолу эт фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
«Эт Fest» аталышындагы иш-чарада мейманканалардын ээлери жана шаар коноктору үчүн эттен жасала турган тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстар өтөт.
Фестивалда өлкөнүн ар бир облусунун тамактарын камтыган «Жапайы кечки тамактар» иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири, белгилүү ашпозчу Данияр Токтосунов мастер-класс өтөт.
Туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Нарын шаарында бизнес өнүктүрүү темасында панелдик талкуу өтөт. Алардын ичинде «Теңир-Тоо» дестинациясынын аткаруучу директору Гүлнара Кенжекараева, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири As a Nomad компаниясынын өкүлү Сергей Макаров жана башкалар бар.
Иш-чара туризм тармагындагы ишкерлер менен тыгыз иш алып барууга жана бизнесин өнүктүрүүгө инвестиция салууга багытталган туристтик акселерация программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

“Сапаттын” окуучулары өлкө тарыхында эң мыкты ийгиликти багынтты

Быйылкы Информатика боюнча эл аралык 36-олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 1 коло медаль жана ардак грамотага татыктуу болушту. Сыйлыкка жетишкен 4 окуучунун үчөөсү “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары болуп саналат. Бул информатика боюнча эл аралык олимпиадалардагы өлкөбүздүн эң жогорку жетишкендиги. Олимпиадада Мурат Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу […]

Сизге жагышы мүмкүн