Бүгүн мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт

Автор

Бүгүн, 20-январдан тартып мугалимдерге ноутбуктар бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процесси башталды.
Технопарктын директору Касымбек Келебаев эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирди.
Билим берүү жана илим министрлинин орун басары Лира Самыкбаева Технопаркта чогултулуп жаткан 3 400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM (химия, физика, биология, география) мугалимдерине бериле баштай турганын айтты.
“Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Учурда бул ноутбуктарга “Санарип кампа”, “Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга бара жатышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек”, – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууну убада кылды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалдарды токтотууга, ошондой эле үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууга ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Вашингтондогу митингде тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты. «Мен Украинадагы согушту токтотом. Мен Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарды токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алам»,-деди Дональд Трамп. Ал бул аймактардагы куралдуу […]

You May Like