Бүгүн Мигранттардын эл аралык күнү!

Автор

1990-жылы 18-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган.
10 жылдан кийин, 2000-жылдын 4-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Мигранттардын эл аралык күнүн белгилеп, аны жыл сайын 18-декабрда белгилөө чечимин кабыл алган (55/93 резолюция). Мындай чечим акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны кыйла көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
Резолюция ошондой эле БУУга мүчө бардык мамлекеттерди, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдарды мигранттардын адам укуктары жана негизги эркиндиктери тууралуу маалыматтарды жайылтуу, тажрыйба алмашуу жана аларды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу аркылуу Эл аралык мигранттар күнүн белгилөөгө чакырат.
Миграция бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун жашоосунун бир бөлүгү болуп келген. Эзелтеден бери адамдар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жакшы жашоону издеп көчүп келишкен. Климаттын өзгөрүшү, демографиялык факторлор, туруксуздук, согуш, күчөгөн теңсиздик жана адамдардын жакшы жашоого болгон умтулуусу, ошондой эле эмгек базарларындагы канааттандырылбаган муктаждыктар миграциянын улана берерин билдирет.
Бүгүнкү күндө мигранттардын укугун коргоо маселеси эң курч. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) маалыматтары боюнча, 2020-жылы 281 миллионго жакын адам эл аралык мигранттар болгон, бул дүйнө калкынын 3,6% түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

300 аткаминер кызматтан алынды

Өзбекстанда кайдыгерлик жана жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн 297 кызматкер иштен бошотулду. Алардын ордун заманбап ой жүгүрткөн, ишкердикке жөндөмдүү жаш адистер ээледи. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарына арналган жыйында билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, айрым кызмат адамдар махаллалардагы жакырчылыкты азайтуу боюнча иштерге олуттуу мамиле жасашкан эмес. «Жарандардын […]

Сизге жагышы мүмкүн