Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Автор

Кыргызстанда бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылат.
Тагыраагы, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.
Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат

Бөлүшүү:
Next Post

Ысыктан улам 600дөй адам көз жумду

Ысыктан улам 600дөй адам көз жумду Пакистанда ысыктын кесепетинен миңдеген адамдар ооруканага жаткырылды. Айрыкча өлкөнүн эң ири шаары Карачиде курман болгондор көп. Шаардагы температура 40°Cдан ашты. Жогорку нымдуулук 49-50°Cдей сезилгенин, өлкөнүн эң ири тез жардам кызматы кабарлады. Алардын баары ысыктан каза болгон деп так айтууга дагы эле мүмкүн эмес. Бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн