Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө.
Быйылкы 2022-2023-окуу жылында 185 миӊге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктайт.
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроого арналган салтанат кечелерин кафе – ресторандарда жана башка эс алуучу жайларда майрамдоого тыюу салган. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо жана «Акыркы коңгуроо» салтанатын тынч өткөрүп алуу үчүн чаралар көрүлө турганы айтылган.
Бей Май 25 , 2023
“Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын 75 жаштагы вице-президенти Советбек Сарбанов боюнча депутат Кундузбек Сулайманов катуу нааразычылыгын билдирди. Ал “өзүнүн улутун, тилин жана баалуулуктарын билбеген, сыйлабаган Советбек Сарбанов деген жаран отурат. Өзүнүн тилин билбеген адам өзүнүн улутун сыйлайбы?”,- деди депутат. Советбек Сарбанов 1990-жылы министрдин орун басары, И. Раззаков атындагы Университеттин ректору болуп эмгектенген. […]