Бүгүн Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ала-Тоо аянтты унаалар үчүн жабылат

Автор

Бүгүн, 2-ноябрда борбор калаанын борбордук аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт саат 18.00дө башталат. Анда кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары концерт беришет.
«Бул майрам өз өмүрүн өлкөбүздүн маданий мурастарын өнүктүрүүгө жана сактоого арнаган ар бир адамга болгон сый-урмат. Бул маанилүү күндү чогуу белгилөө үчүн бүт үй-бүлөңүз менен келиңиз жана Кыргызстандын маданият ишмерлерине колдоо көрсөтүңүз», – деп белгиледи Маданият министрлиги.
Ал эми Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, майрамдын урматына Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17.00дөн баштап жабылат.
ИИББ жол кайгуул кызматы жарандарынан жана конокторунан саякат маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат: “Улутубуздун жүзүнө айланган урматтуу маданият ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Элибизди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тилибиз менен маданиятыбыз. “Он […]

Сизге жагышы мүмкүн