8-апрелде Күндүн толук тутулуусу болот. Анда Ай Күндүн бетин бир нече мүнөткө жаап калат Бул Москва убактысы боюнча 19:39дан 22:55ке чейин боло турган сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушу. Максималдуу фаза саат 21:17де болуп, 4 мүнөт 28 секундага созулат.
Ал Түндүк жана Түштүк Америкада, ошондой эле Тынч жана Атлантика океандарында даана көрүнөт.
Ай менен Күндүн тутулуусу алты айда бир жолу болот. Бул астрономиялык окуялар учурунда Күн, Жер жана Ай бир катарда турушат.