Бүгүн, 22-июнда Кытай менен чектешкен “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда “Дуан у” ажыдаар кайык фестивалын майрамдоого байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат.
Унаа жана жүктөрдү өткөрүү 23-июндан тарта жанданат.