Бүгүн Кытайда Азия оюндары башталат

Автор

Бүгүн, 23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлүп келген Азия оюндарынын салтанаттуу ачылышы болот. Мелдештер Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, ага 40тан ашуун өлкө катышат.

Аталган оюндарга Кыргыз Республикасынан – 230дан ашык  киши барды.  Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спортчулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), карате, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

 

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, улуттук курама команда 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров «Сапаттын» окуучусун олимпиададагы жеңиши үчүн акчалай сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. 28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев бул олимпиадада күмүш медаль тагынган. Акылбек Жапаров маалыматтык технологияларды […]

Сизге жагышы мүмкүн