Бүгүн Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Автор

Бүгүн, 17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек ара посттору Кытайда «Күз ортосу майрамын» майрамдоого байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.
Белгиленгендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат

Бөлүшүү:
Next Post

Руслан Бекназаров атасына коюлган берене боюнча маалымат берди

Өткөн жумада камакка алынган Азимбек Бекназаровго Кылмыш жаза кодексинин 222-беренеси менен айып тагылганын анын баласы Руслан Бекназаров маалымдады. Бул берене кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоого катышы бар жарандарга байланыштуу коюлат. “Атама 2010-жылы Улуттук Банктан 1 млн доллар алды деген кине коюлуп жатат. Бирок, кимден, качан, ким аркылуу алганы тууралуу […]

Сизге жагышы мүмкүн