Бүгүн Кыргызстан – Өзбекстан матчында атайын шоу-программа болот

Автор

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн бир гана футбол күнү болбостон, Дөлөн Өмүрзаков атынданы стадиондогу бардык күйөрмандардын чыныгы майрамына айланат. 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында сиздерди чоң шоу күтүп турат:
Алып баруучу — Улук Сапаров
DJ KAHN и DJ NAJI
Бек Исраилов
КР Эл артисти — Бек Борбиев
Балдар үчүн, аниматорлордун коштоосунда интерактивдүү иш-чаралар жана көптөгөн оюн-зооктор уюштурулат. Ошондой эле ар кандай даамдуу тамактары бар фудкорт таба аласыз, жана күйөрмандар биздин команданын расмий спорттук кийимдерин ошол жерден эле сатып алса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Супер тайфундун курмандыктарынын саны 50дөн ашты

Вьетнамдагы “Яги” супер тайфунунун курмандыктарынын саны 50дөн ашты. Кырсыктан 230 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга кайрылды. Жабыркагандардын көбү Куанг Нин провинциясында. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, табигый кырсыктан 110 миң гектар күрүч талаасын суу каптап, миңдеген бак-дарактар ​​кыйылган. 8 миңден ашык үй жабыркаган. Каттамдар токтотулду, мектептер жабылды. Тропикалык циклондун кесепеттерин […]

Сизге жагышы мүмкүн