Бүгүн Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

Автор

Бүгүн, 5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинен билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн саат 22:00дө башталат. Ал эми Ала-Тоо аянтында ачылган фан-зоонада конокторго шоу-программа, сынактар жана белектер тартууланат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасы боюнча тандоо этабынын 3-туруна чыкты. Бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстан курамасы конокто Иран курама командасы менен беттешсе, 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстанды кабыл алат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Россияны шайлоого кийлигишүүгө айыптады

АКШ мамлекеттик департаменти Россияны Америкадагы шайлоого кийлигишүүгө айыптады. Алар Россиянын кибер чабуулдарды жүргүзүп, шайлоо процесстерине таасир көрсөтүү аракетин көрүп жатканына шектенүүдө. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсү боюнча, бул айыптоолорго жооп катары Америка бийлиги жаңы санкцияларды киргизүүнү пландаштырууда. Бул иш-аракеттер АКШнын улуттук коопсуздугуна жана демократиялык процесстерге коркунуч туудурат. Россия өз кезегинде бул айыптоолорду […]

Сизге жагышы мүмкүн