Бүгүн өлкө аймактарында жалпы ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишембилик социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча өткөрүлөт.
Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.