Бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Автор

Бүгүн, 9-декабрда саат 05:41де Ош облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Өзгөн районунун Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Ак-Терек айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Жийде айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Салам-Алик айылынан түндүк-батышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашып, жер титирөөнүн күчү Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиевдин Москва шаарындагы иш сапары башталды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине барып, Даңк залындагы жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. Муну […]

Сизге жагышы мүмкүн