Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо кагылат

Автор

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы 2024/25-окуу жылы башталды. Бүгүн, 2-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылат.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 1-4-класстар үчүн биринчи сабак “Билим – күч”, 5-11-класстар үчүн “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү” деген темада болот.
Сабактын максаты – Кыргыстандын түптөлүшү жана билим берүүгө салым кошкон инсандар, билим – илимдин мааниси жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.
Республикада бардыгы болуп 2 миң 377 мектеп (анын ичинде 2 миң 173 мамлекеттик жана муниципалдык жана 204 жеке менчик) бар. Аларда 1,5 миллионго жакын студент бар.
Быйыл биринчи жолу 126 миңден ашык окуучулар 1-класста өз парталарында отурушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Паралимпиада-2024. Жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңыртты

Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пара жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1 500 метр аралыкка чуркоодо 13-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлназ Жүзбаева 1,5 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгып, маарага 6 мүнөт 11,36 секундда келген. Муну менен жөө күлүк […]

Сизге жагышы мүмкүн