Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстан менен беттешет

Автор

Бүгүн, 9-июль күнү Борбор Азия футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки курама командалары арасындагы чемпионатынын тайпалык үчүнчү турунун алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстанга каршы кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өтүүдө.
Мелдештин чүчүгулагынын жыйынтыгында улуттук курама команда «А» тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен бирге жайгашкан. Тайпа ичиндеги, экинчи оюн күнүнүн жыйынтыганда Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын жаштар курамасы үч упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунда турат, Тажикстан 2-орунда (3 упай), Ооганстан 3-орунда (0 упай).
Тайпа ичинде 3-саптан чыккан командалар 5-6 орундар үчүн оюнда кез келсе, 2-саптагы командалар 3-4-орун үчүн ойношуп, тайпа жеңүүчүлөрү чемпиондук наам үчүн кез келишет.
Белгилей кетсек, турнирдин беттештеринин түз алып берүүлөрү Регион ТВ, Кыргыз Спорт ТВ жана БАФАнын YouTube каналында жеткиликтүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

10-июлда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 10-июлда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +18…+23, күндүз +28…+33, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, […]

Сизге жагышы мүмкүн