Бүгүн китеп белекке берүү күнү: Китеп тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

Чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча китеп окуу өмүрдү эки жылга узартат. Китеп окуу эске тутууну жакшыртып, чүнчүп, чөгүп кетүүдөн сактануунун жакшы ыкмасы болуп саналат. Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнүнө карата китеп тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.
1. Китепти эркектерге караганда аялдар көбүрөөк сатып алат (68%).
2. Дүйнөдө сатылган китептердин жарымынан көбүн 45 жаштан ашкан адамдар алышат.
3. Бир романды жазуу үчүн орточо 500 саат керектелет.
4. Байыркы убакта китеп абдан кымбат болгон. XVIII кылымга чейин айрым китепканаларда, уурулуктун алдын алуу үчүн китептер чынжырланып, кулптанган учурлар болгон.
5. Китепти жай окуп жатканда 60%ы эсиңде калса, тез окуп жатканда 80%ы эсиңде калат.
6. Ыкчам окуганга караганда жай окуганда көз бат чарчайт.
7. М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.
8. Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн
9. Бальзак жарым саатта эки жүз барак окуган.
10. Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуган.

Бөлүшүү:
Next Post

Футболчунун көкүрөгүнө чагылган тийип, каза болду

Индонезияда эки футбол клубунун жолдоштук беттеши кайгылуу аяктады. Беттеш учурунда күркүрөгөн жамгыр күчөп, футболчунун бирине чагылган тийип, каза болгон. Оюн Бандунг шаарындагы “Силиванги” стадионунда өтүп, жамгыр жана катуу шамалдын коштоосунда башталган. Оюндун 15-мүнөтүндө чагылган Персикас Субангдын оюнчусуна тийген. Ошол эле учурда күчтүү табигый электрдик разряд түз эле спортчунун көкүрөгүнө кирип […]

Сизге жагышы мүмкүн