Бүгүн кыргыз музыкасынын алпы, залкар обончу жана чебер аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Бүгүнкү датага байланыштуу обончу Хабибилла Азиреткуловдун эскерүүсүн сунуш кылабыз:
“БУЛБУЛДАРДЫН ТУКУМУ АЗ”
“Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт”- дейт эмеспи. Бул накыл кептин төркүнү улуу устатым, керемет талант, кеменгер ага, адамдын асылы Рыспай Абдыкадыровго айтса жарашат. Ал канча эскерсе, ошончо айткыңды келтирип, сагындырган касиет менен туулган адам. Мен андай улуу чебер менен өнөр жолунда жакын мамиледе болуп, кеп-кеңешин угуп, таасирин алып, жанында бирге жүргөн тагдырыма абдан ыраазы болом. Кыргызда мындай айкөл, мындай залкар, мындай жөнөкөй, мындай ажайып инсан аз туулат. Дагы бир таланттуу акын агабыз Тургунбай Эргешовдун:
“Ышкыланып жаңылганың – ал ырас,
Жазда гана үнүн угуп жарпың жаз,
Түлөк болуп туруп бербейт тууруңа,
Ошон үчүн булбулдардын тукуму аз”- деген керемет ыр саптары Рыспай акедей асылдарды эске түшүрөт. Рыспай акенин булбул таңшык обону кулагыма жаңырат… Эч кимге окшобогон мүнөзү, тамашасы, деги баары көз алдымдан кинонун тасмасындай чууруй баштайт… Мындай асылды унутууга мүмкүн эмес! Мени да өнөр жолу жетелеп келбесе, Рыспай акени мынчалык жакын кабыл алып, устатым деген урматтуу сөздү кайдан айтмак элем. Бул да болсо тагдыр окшобойбу. Мындай тагдырга мен өтө ыраазымын.
Мен кичинемен эле өнөргө жакын жан дүйнөм менен өстүм. Алгачкы обонумду 10-класста окуп жургөн кезимде чыгардым. Ал акын Өмүрбек Дөлөевдин сөзүнө жазылган «Өскөн жер» деген ыр эле. Буга удаа эле «Жылдыздуу түн» (эл ичинде «Айлуу түн» деп аталып жүрөт), «Таарынба», «Түшүнөрсүң акыры» деген алгачкы чыгармаларым жаралган болчу. Ырдоо өнөрүн да 10-класста өздөштүргөм. Ошентип, чыгармачыл дүйнөнүн азаптуу жолун байкабастан тандап алганымды кийин түшүндүм.
Мектепти бүткөн жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун (азыркы ОшМУ) музыка факультетине тапшырып, ал жылы өтпөй калдым. Ызама чыдабай, кадимкидей боздоп ыйлаганым эсимде. Кайра айылга кайтып келип, бир жыл мектепте китепканачы болуп иштедим. Бирок мени музыка дүйнөсү азгырып туруп алганын койбоду. Кийинки жылы намысыма келип калганмынбы, же беттеген максатыма жетүү ушунчалык сүрөп күч бердиби, катуу даярдандым да, өз күчүм менен эңсеген окуума өтүп кеттим.
Биринчи жолу «до» нотасын ошол жерден тааныгам. Азыр ойлосом, ал учурда бизди абдан күчтүү мугалимдер окутушчу экен. Ыр, обон дүйнөсүнүн сыйкырын кабылдоо, таза тутуу, көп кырдуу сырын үйрөнүү, өнөр касиетин кетирбес, жеңил-желпиликке алмашпас элге жугумдуу, жагымдуу жетүү үчүн чыгармачылык менен иштөөдөгү жоопкерчиликти бек кармоону биз учурунда жакшы эле үйрөнуп калдык. Кыскасы, салмактуу чыгармачыл кудурети бар чоң чөйрөдөн, атактуу залкарлардан тарбия, билим алып, улам такшалып, музыканын, музыка жаратуунун сырлары менен бирге, ырдоо техникаларын да үйрөнө баштадым. Жаңы чыгармалар байма-бай чыга берди. Андай устаттардын арасында атактуу обончу-аткаруучулуктан улуу талантка айланган Рыспай аке да бар болчу. Эстесем, Рыспай аке менен 18 жашымда таанышыптырмын. Акезде алп талант болгону 36 гана жашта экен! Агай менен алгачкы таанышканымда, апкаарып, толкунданганым эсимде.
Менин чыгармачылыгыма ал өтө жакындан карачу эле. Эмнегедир бир тууганындай көрүп, тез эле мамилебиз ширелишип кетти. Менин кичинекей ийгилигиме ал өзүнүкүндөй кубанганы эсимде. Ооба, эсимде, Ош радиосу 1977-жылы жаңы жылдын астында калайык-калкка тушоо кесүү ырымды тартуулады. Андагы кубанычымды айталбайм. Белгилүү диктор Анаш Кадырова эженин алып баруусундагы ал күнкү радиоберүү жүрөгүмдө күнү бүгүнкүдөй сакталып калган. Үнүмдү алгачкы жолу тасмага түшүрүүдө режиссерлор Мейманбек Касымов менен Сатыбалды Турапов агайларымдын салымы да абдан чоң. Ошентип, жогоруда аты аталган азын-оолак ырларым менен 1-курстан баштап эле элге таанылууга жетиштим .
Бир күнү экинчисине окшобогон жалындаган жаштык менен студенттик күндөр утур кубалашып өтөберди. Өтө көп эсте каларлык кызыктуу күндөр менен окуялардын күбөсү болдум.
Ал кездери окуу жайларда, ишкана-мекемелерде, мектептерде көп чыгармачыл жолугушуулар болор эле. Рыспай аке мени жанына көп алып жүрчү. Ошентип, агай менен биртуугандай болуп кеттим. Көп сүйлөшүп, көп сырдашкан күндөр болду. Ал киши чар тараптуу талант эле. Төкмөлүк, куудулдук, сөз тапкычтык, шайырдык жагынан эчкимге ат салдырчу эмес. Атактуу акын Жолон Мамытов менен абдан жакын достордон эле, мен алар менен чогуу өткөн күндөрдү эстесем, ичим ачышат. Анткени мен ошол жаштыгымда залкар инсандардын жанында жүргөнүмдү билбептирмин. Дегеле мен өмүрүмдө көп нерсени элес албай өткөрүп жибергеним, өзүмдүн чыгармачылыгымда дагы ордуна келбес өкүнүч жаратканын кеч сездим… Ал эми Жолон ага менен Рыспай акедей залкарлар эч качан ааламдан өтпөөчүдөй сезиптирмин, ал күндөрдүн баркын дагы, баасын дагы эми билип жатам, бирок кеч… өтө кеч… Булар кыргыздын улуттук маданиятынын, адабиятынын тарыхы болуп калбадыбы.
Бир кызык айтып берейин. Рыспай аке кайсы бир күнү факультетке шашылыш кирип келди да, мени издеп жүргөнүн айтып, ээрчише бир аудиторияга кирдик.
-Хаби, бир сааттан кийин Уркуя Салиева атындагы кыздар мектебинде жолугушуу бар эле, мени менен барып келбейсиңби? – деп калды.
-Макул,- дедим да, агай менен ээрчише жолго аттандык. Акезде мен да аз-маз «кылт» этмейди өздөштүрүп калган кезим. Атактуу «Гүлнара» деген дүкөнүбүз бар эле. Ошо жерге жеткенде, экөөбүз тең кыя өтө албай, басыгыбыз жайлай түштү. Бир кезде агай мага тигиле карап:
-Башың кандай? – деп калды. Чындыгында бир аз зыңылдап турган. Агайдыкы да ордунда эместигин жолукканда эле эле байкагам.
-Эмне кылалы агай?, -дедим.
-Келе “собразим” кылалы, – деп калды. Экөөбүз чөнтөктөрдү аңтарсак, бир «Вермутка» (вино) араң жетип, болгону үч тыйын артып калды. Аны алдык да, троллейбуска түшөлү десек, бирөөбүзгө тыйын жетпейт экен, троллейбустун жол киреси болгону 3 эле тыйын болчу.
– Сиз бара бериниз, мен артыңыздан бат эле жетип барам,-десем болбоду.
-Кой, андай болбойт, мынабуну бир аздан бөлүшүп баса берели,- деп, көнбөй койду жарыктык киши.
Ошентип, мен аккордеонду көтөрүп алгам, экөөбүз жөө тротуарда ардемеден кеп урушуп (ал сөздөрдү жазууга мүмкүн эмес) улам-улам жанагыдан ууртап коюп, өзүбүздү алаксытып басып баратабыз. Барар жерибиз бери эле дегенде үч чакырымдай бар. Бирмаалда тык токтоп эле мага:
-Азыр жетишибиз менен директорго уялбай эле айт, батыраак уюштурсун ээ, башыбызды жазып албасак , бул баш менен ырдай албайбыз, – деп калды. Мен тапшырманы аткарарымды айтып жолду уладык. Үч тыйын жетпей жөө калганыбызга ызаланды бейм, раматылык агайым чын жүрөктөн кейип:
-Ээй, Хаби, сен али жашсың. Мен эрте эле өтүп кетем дүйнөдөн, сен көрөсүң го. Мен өткөндөн кийин “аябай жакшы эле, кыйын эле” дешип эскеришет, али көчөлөрдүн, мектептердин аттарын коюшат, бирок мен аларды көрбөйм да, тирүүмдө минтип үч тыйынга зарыгып калганда, кереги тийбеген атак-данктын мага өлгөндөн кийин эмне кереги бар,-деп толкуп кетти. Мен таң калып:
-Рыспай аке, эмнеге ардайым эле эрте кетем деп жүрөктү түшүрөсүз, – десем, кайра ага да сөз таап жайгарып койду.
-Жаш өлсөң, эл эскерип сүрөтүңдү илип койсо, кычырап башкача көрүнөсүң (бир атактууну айтып), баланчага окшоп алжып калганча эле жашай берсең, эскергендердин деле жүрөгү айланып кетет, – деп тамашага бура сүйлөп калды.
Ошентип мектепке жеткенде, мен директор эжеге “миссиямды” аткарып айттым, бирок эже “ азыр” деген бойдон жолугушууну баштап ийип атпайбы. Директор айым ошондо Рыспай акени мактап, чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөп атса, агай кулагыма:
-Бир сөз айтайынбы?,- деп калды.
-Айтыныз, агай!
-Мен өмүрүмдө эки адамды жаман көрөм, биринчиси -башың ооруп турганда, тыйын сурасаң бербеген, экинчиси -минтип аракка жөнөтсөң, кечиккен адам, – деп атпайбы күлдүрүп. Ошентип, «ак молдо» кыйла кеч келди, ошентсе да кече укмуш сонун өткөн. Башка жолугушууларга караганда чыгармачыл адамдар менен жолугушууну эл таза пейили менен катышып, кызыгуу менен көрөт да. Дагы бир эсте калаарлык жери – жолугушуудан кийин артка кайра жөө келгенбиз.
Рыспай аке ушунча атак-даңктын ээси болуп туруп, улуу жөнөкөйлүктөн аттап өткөн жок, ошо бала кыял жөнөкөйлүгү жандүйнөсүндө ошол бойдон калды.
Таң калыштуу дагы бир жоругун эстеген сайын жылуу жылмаям. Ошто өмүр бою кайырчы болуп олтургандар Рыспай акени жакшы таанышчу. Анткени акем айлык алган сайын аларга барып акчадан берип койчу, кийин өзүнө керек болгондо берип турууга макулдашчу да. А киши акчаны бекитип жүрө алган эмес. Ошонүчүн эң зарыл мүнөттөрдө ошолордон келип, аракка акчасынан алып турчу. Кайырчылар ал кишинин бир ооз сөзүн жерге калтырбай аткарышчу, аны ошолор да жакшы көрүп, чын дилинен сыйлашчу. Ал эч кимдин оюна келбеген иш эле, бир гана аны бала пейил жаралган Рыспай аке гана жасай алатурган иш болчу.
Ал тамашалаганды аябай жакшы көрчү. Бир жолу ооруканада жатып калган экен. Биз чогулуп абалын сурап келели деп барып калдык. Давлет эже бар экен жанында. Биз менен саламдашкандан кийин биртопко кобурап олтуруп калдык. Анан айтып калды:
-Балдар бир жаман түш көрдум, угасыңарбы?
-Эмне деген жаман түш, – деп Давлет эже да чочулап карап калды.
-Угабыз аке, айта бериңизчи, – дедик.
-Бир чоңжолдо баратсам бир машина менин тушума келип кулап калды. Бир дөңгөлөгү келип, түз эле менин тамагыма тыгылып калса болобу. Же нары кетпейт, же бери кетпейт, муунгандай болдум. Чочуп ойгонуп кетсем, Давлет эжеңердин саны тамагымда артылып жатыптыр, – деди, биз күлүп калдык. Давлет эже абдан уялгандай болуп кетти, биз да эжени аяп ыңгайсыздана түштък, бирок Давлет эже ушунчалык эстүү жан эле, билгизбей, баягы тамашаларынын бири дегенсип башка сөзгө буруп кетти. Ал Рыспай акени өтө урматтап, терең түшүнүп, сыйлаган аял эле, балким, башкалар ага чыдамак эмес. Анткени Рыспай агайдын ашкере эркелиги да бар болчу. Давлет эжеге каалаганындай эркелечү.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, мен ушу күнгө чейин Рыспай акенин бир ырын ырдаган жокмун. Анын себеби бар. Бир жолу Рыспай аке экөөбүз институтка чогуу кирип баратсак, экинчи кабаттан бирөө анын бир ырын ырдап жатыптыр. Рыспай аке тык токтоп, тыңшап калды. Мен оюмда ага ырын ырдап жаткан ырчы жакты окшойт деп ойлодум. Бирок ал чекесин тырыштырып, кейип айтып калды:
-Ырдаганга жараша менден өткөрүп ырдаса болмок, ушинтип да ырдайбы, мындан көрө ырдабай эле койбойбу кайран ырды, – деди. Мен ошондо ок жеген немедей катып калдым. Ошондон кийин мен агайдын ырын өзүнөн ашыра аткара албагандан кийин ырдабай эле коюуну чечкем, ушу кунгө чейин ал сөз көнүлүмдө мыйзам сыяктуу жашап калды. Албетте, Рыспай акенин ар бир кайрыгын мен жыргап угам. Музыкалык аспаптардын ар биринин өзүнчө ойноо ыкмалары, өзгөчөлүктөру бар да. Аккордеон ойноонун мыкты профессионал чебери Рыспай Абдыкадыров экенин баары билет. Чынында анын мектебинен улуттук колорит менен жуурулушкан аккордионисттердин профессионал музыканттары өсүп чыкты. Утуру кийинки муундарга бул улуу устаттын салты уланып кетеберсин, кыргыз эли барда мындай залкарлардын ысымы чоң урмат менен жашай берет.
Хабибилла Азиреткулов.
Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу.