Бүгүн жүрөк күнү: Бишкекте ачык эшик күндөрү өтүүдө

Автор

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында  «Ар бир жүрөк маанилүү» урааны астында Ачык эшик күнү өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат. Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат, ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө.

Бөлүшүү:
Next Post

Январда буудай 12 ун 14-15 пайызга кымбаттайт

Министрлер кабинетинин билдиришинче, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомдун мөөнөтү аяктап жатканы себеп болду. Ошондой эле бүгүнкү күндө ун комбинаттарында дандын жана ундун запасы аз. Мындан улам кымбаттоолор май, кумшекер өңдүү күндөлүк керектелген азык-түлүктөргө да кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн