Бүгүн ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу башталды

Автор

Бүгүн, 23-декабрда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кабыл алуу 28-декабрга чейин уланат.
Бул мезгилде абитуриенттер каттоодон өтүшөт, андан кийин окууга сунушталгандардын тизмеси илинет жана болочок студенттер университетте окууну каалагандыгын ырасташы керек.
Ушундай эле процедуралар менен экинчи тур 13-18-январь аралыгында, үчүнчүсү 20-25-январь, төртүнчүсү 27-январдан 1-февралга чейин өтөт.
Эске салсак, абитуриенттерди кышкы кабыл алуу келишимдик негизде гана окуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 4 медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 4 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депаратментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Казакстандын Тараз шаарында өтүп, Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган. Белгилей кетсек, 70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев мелдештин жеңүүчүсү аталса, Алмаз Сманбеков (61 […]

Сизге жагышы мүмкүн