Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-январындагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев ыш маселеси качан карала баштарына кызыкты.
«Бул өтө актуалдуу маселе. Муну жарандар кайда болбосун талкуулап жатышат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик качан бул меселени чечет деп күтүп жатышат»,— деди ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул меселе кийинки жумада караларын айтты.