Бүгүн Европа чемпионаттында Түркия менен Грузия курамалары беттешет

Автор

Бүгүн, 18-июнда Европа чемпионаттынын тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Түркия менен Грузиянын беттеши болот. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.
Бүгүнкү мелдеште букмекерлер “ай жылдыздарды” фаворит деп эсептешет: 1,80 коэффицент менен жеңишке жетет десе, Грузиндердин ийгилиги 5.10. Ал эми теңме -т еңге 3.70 коюмдар берилди.
Европа чемпионаттына Түркиянын курамында 26 оюнчу бар. Бул футболчулардын 12си улуттук курама команданын Европа чемпионатындагы курамына биринчи жолу кирди.
Карьерасынын башында турган Арда Гүлер, Кенан Йылдыз, Семих Кылычсой, Ахметжан Каплан жана Бертуг Йылдырым жаш кезинде чемпиондукка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда 100 орунга эсептелген «Мекендин келечеги» бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын […]

Сизге жагышы мүмкүн