Бүгүн Дмитрий Бивол орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен беттешет

Автор

Бүгүн, 12-октябрда Эр-Риядда шаарында (Сауд Аравиясы) профессионалдык бокстун чоң беттеши өтөт. Анын негизги окуясы жеңилбеген орусиялык Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн көптөн күткөн беттеш болот.
Бетербиев 20 профессионалдык беттештин баарын эрте жеңиш менен аяктап, WBC, WBO жана IBF чемпиондук курларына ээ. Ал эми кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол дагы жеңилбеген мушкер жана 23 беттешти жеңип, WBA Super жана IBO титулдарына ээ.
Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн россиялыктардын тирешинен тышкары турнирге дагы бир нече кызыктуу беттештер пландалууда. Тактап айтканда, Жей Опетайя Жек Масси менен беттешип, оор салмактагы IBF чемпиондук курун коргойт.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдар бакчасын ачты

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто “Акылман” балдар бакчасын ачты. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактардагы баракчасында айтылат. Маалыматка ылайык, бала бакча 150 балага ылайыкталган. Бул жерде УКМК менен Чек ара кызматынын кызматкерлеринин балдары тарбияланышат. Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлери менен чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу өлкө жетекчилиги үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн