Бүгүн Германияда Европа чемпионаты башталат

Автор

2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта Сербия менен Грузия дебют жасашат.
Евро 2024 тайпасынын курамы
2023-жылдын 2-декабрында Гамбургда финалдык этаптын чүчү кулак ташы өткөн.
А тайпасы: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария.
В тайпасы: Испания, Хорватия, Италия, Албания.
С тайпасы: Словения, Дания, Сербия, Англия.
D тайпасы: Польша, Нидерланды, Австрия, Франция.
Е тайпасы: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина.
F тайпасы: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия.
Эске салсак, Евро-2024 финалдык этабынын оюндары Германиянын он стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

G7 саммити: Батыш өлкөлөрү Россиянын активдерин пайдаланууга макул болушту

Италияда өткөн саммитте “Чоң жетиликтин” өлкөлөрү Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдалануу механизмин макулдашты. Фон дер Ляйен Х социалдык тармакта Киев Россиянын активдеринен алынган келечектеги пайыздар менен төлөнө турган болжол менен 50 миллиард долларлык насыя ала турганын ырастады. “Бул Европалык Союздун Украинаны коргоого жана калыбына келтирүүгө багытталган саясатын […]

Сизге жагышы мүмкүн