Бүгүн, 25 майда Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү белгиленет. Бул датаны БУУнун Башкы ассамблеясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 25-май Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү катары тандалган. Себеби 2024-жылы ушул датадан бери бардык аймактардын өкүлдөрү катышкан биринчи эл аралык футбол турниринин өткөнүнө 100 жыл толот.
Бул мелдеш 1924-жылы Парижде өткөн Олимпиадада өткөн.
Буга чейин 10-декабрь расмий эмес футбол күнү катары эсептелип келген.