Бүгүн бош орундар жана кесиптердин жарманкеси өтөт

Автор

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкеге 100дөн ашык ишкана катышып, алар учурдагы бош орундарды сунуштап, иш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 4 миңге жакын бош орундар көрсөтүлүп, 30дан ашык окуу жайлары борбор калаанын тургундарына жана конокторуна квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген билим берүү программаларын тартуулашат.
Жарманкенин алкагында ар бир адам өзүнүн күчтүү жактарын аныктоого жана ылайыктуу кесипти тандоого жардам бере турган кесипке багыт берүү тесттеринен өтө алат.
Иш-чара саат 11.00дө башталып, жумуш издеген же кесип тандоону пландаган ар бир адамга пайдалуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран Израилден кийин АКШны эскертти

Иран Израилдин аймагына соккуларды жасагандан кийин АКШга кайрылып, аймактык согушту көздөбөй турганын, бирок мындан ары «бир тараптуу карманбай турганын» эскертти. ММКлардын маалыматы боюнча, Иран өз билдирүүсүн АКШнын жетекчилигине Катар аркылуу жеткирген. Анда Израилдин ар кандай чабуулуна Иран «өзгөчө» жооп кайтараары, анын ичинде Израилдин инфраструктуралык объектилери да бутага алынаары айтылган. 1-октябрга […]

Сизге жагышы мүмкүн