Бүгүн, 15-апрелде “Казакстанды колдоонун 112 сааты” деп аталган марафон өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей, марафонго катышуу үчүн тилектештик билдиргендер аябай көп. Алардын баары суу ташкынынан жапа чеккен бүткүл Казакстандыктарды колдоп, кубаттагысы келет. 112 сааттык түз байланышта марафонго катышкандар өнөрлөрүн тартуулап, жалындуу сөздөрү менен боордош элге дем беришет.
Марафон Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 дө башталат.