Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Тизме

Автор

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстан — Өзбекстан футбол беттешине байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор саат 18:00дөн баштап төмөнкү көчөлөр жабык болот:
Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфиловго чейинки бөлүгү;
Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектинен Фрунзеге чейинки бөлүгү.
Эске салсак, бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз-өзбек курама командаларынын беттеши өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

iPhone 16: Жасалма интеллекти менен өзгөчөлөндү

Apple компаниясы дүйнөгө жаңы iPhone 16 моделин тааныштырды. Бул түрүндө жасалма интеллект чоң роль ойнойт. Анын презентациясы Нью-Йорк шаарында өттү. 16-моделде Apple Intelligence аталышында жасалма интеллект бар. Анын милдетине тексттик билдирүүлөрдү оңдоо, эмодзилерди жаратуу жана тексттик сурамдар боюнча колдонуучунун сүрөттөрүн жана видеолорун издөө кирет. iPhone 16да Siri аталышындагы үн жардамчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн