Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Автор

Бүгүн, 17-майда саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, суу шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Алар:
Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү.
Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү.
Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Свердлов округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Бишкектин № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Свердлов округу боюнча шайлоо 30-июнга белгиленди. Борбордук шайлоо комиссиясы 15-майда президентке Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. 2022-жылы ушул округда өткөн […]

Сизге жагышы мүмкүн