Бүгүн Бишкекте III Элдик курултай башталат

Автор

20-21-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышат.
Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн.
Курултайды УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар түз алып көрсөтөт.
Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашуулардагы абал айтылды

Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн көпчүлүк айактарында кар жаап жатат, ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолдорго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек – Кара-Балта жолунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, […]

Сизге жагышы мүмкүн