Бүгүн, 22-майдан тарта Бишкек шаарында ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Кошумчалай кетсек, жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн өчүрүүлөр жүргүзүлөт.