Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин башкы спорттук аренасы болгон Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону – “Абдыш-Ата” (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00дө старт алат.
Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган “Мурас Юнайтед” менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси “Абдыш-Ата” олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу финал күтөт.