Бүгүн Бишкекте троллейбустар толугу менен токтотулат

Автор

Бишкекте бүгүн, 26-октябрда троллейбустар толугу менен бир күн бою токтотулат. Бул тууралуу  муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чара 26-27-октябрга чейин Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жаткандыгына байланыштуу жасалууда.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия менен Кытай Израиль-Палестина боюнча АКШнын резолюциясына каршы чыкты

Россия менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израиль-Палестина чатагы боюнча АКШнын резолюциясына вето коюшту. БАЭ да бул демилгеге каршы добуш берди. Бул демилгени Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү колдоду. Добуш берүүдөн Мозамбик менен Бразилиянын өкүлдөрү калыс калышты. Кытайдын уюмдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь АКШнын долбоорунда ок атышууну токтотуу чакырыгы жок экенин белгиледи. […]

Сизге жагышы мүмкүн