Бүгүн Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Автор

Бүгүн, 30-ноябрда “Газпром” спорт комплексинде таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өтүп, 24 мамлекеттен 300 ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Кыргызстандын атынан 14 спортчу өлкө намысын коргойт.
Чемпионаттын катышуучулары төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Жаштар арасында:
балдар: 50, 60, 70, 80, +80 кг;
кыздар: 50, 60, 70, +70кг.
Чоңдор арасында:
эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;
кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 кг;
Ардагерлер арасында:
эркектер: 65, 75, 85, +85 кг;
аялдар: 65, +65 кг.
Мелдештин программасы:
Башталышы 30-ноябрь саат 10:00, салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:30 болот.
Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана таяк тартыш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияда Куран өрттөгөн киши 14 жылга камакка кесилди

Ал Кылмыш кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айыпталды. Никита Журавель аттуу орус жараны 2023-жылы Волгоград шаарындагы мечиттин алдына келип, мусулмандардын ыйык китеби болгон Куран Каримди өрттөгөн. Волгоград милициясы аны кармап, Чеченстан Республикасына өткөрүп берген. Чечен соту “диний баалуулуктарга акараат” беренесине таянып, аны 3.5 жылга кескен эле. Кайра Волгоград шаардык сотунда […]

Сизге жагышы мүмкүн