Бүгүн Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Автор

Бишкекте 24-26-ноябрь күндөрү оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ортосунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Нидерландиянын спортчулары катышат.

Спортчулар күч сынашчуу салмак чендери:

Эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109;

Кыз-келиндер арасында: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Эл аралык мелдеш кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык маарекесине арналган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Хамас менен Израилдин ортосундагы туткундарды алмашуу башталат

Хамас  мекенине кайтып келүүгө тийиш болгон алгачкы израилдик барымтачылар  бүгүн, 24-ноябрда  бошотуусу күтүлүүдө. Ок атышууну токтотуу да  бүгүн ишке ашмакчы. CNN телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин министрлер кабинети шаршемби күнү жактырган ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишиминин шарттары тараптар макулдашууга жетишкенден бир нече сааттан кийин кайра каралып чыккан. Алгач израилдик […]

Сизге жагышы мүмкүн