Бүгүн Бишкекте “Музейдеги түн” өтөт

Автор

Бүгүн, 18-майда Бишкекте “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 17:00дөн 22:00гө чейин Бишкектеги музейлердинэшиги борбор калаанын бардык тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.
“Келүүчүлөргө көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу экскурсиялар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо, шуру токуу, токуу боюнча мастер-класстар өтүп, поэзия кечеси уюштурулат”, – деп айтылат маалыматта.
Шаар тургундары жана коноктору төмөнкү музейлерде бара алат:
– Ольга Мануилованын мемориалдык музей-үйү. Тыныстанов көчөсү, 108, телефон: 66 11 74;
– Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, Чуйков көчөсү, 87а, телефон: 30 33 64;
– Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи. Токтогул көчөсү, 109, телефон: 62 38 30;
– Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы. Токтогул көчөсү, 170, телефон: 88 46 11;
– Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй- музейи. Чуйков көчөсү, 109, телефон: 30 03 57;
– Гапар Айтиевдин музей-өнөрканасы. Тыныстанов көчөсү, 78, телефон 62 31 66.

Бөлүшүү:
Next Post

Абактагыларды мобилизациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

Украинанын президенти Владимир Зеленский абактагыларды айрым категориялар боюнча мобилизациялоого байланыштуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Раданын расмий сайтында маалымдалды. Мобилизация категориясына 20 миңге жакын адам кирет. Бул категорияга эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү, зордуктоо, улуттук коопсуздукка жана коррупцияга каршы кылмыштар үчүн соттолгондордун тиешеси жок. Ошондой эле учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн