Бишкек шаарында бүгүн, 5-апрелде кросс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.
Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:
1000 м – кыздар (2012-2013-жылы туулган);
1000 м – балдар (2012-2013-жылы туулган);
1000 м – кыздар (2010-2011-жылы туулган);
2000 м – балдар (2010-2011-жылы туулган);
2000 м – балдар (2008-2009-жылы туулган);
3000 м – кыздар (2008-2009-жылы туулган);
4000 м – кенже курак (2006-2007-жылы туулган);
6000 м – кенже курак (2006-2007-жылы туулган);
Мелдеш “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.